Кыргызстандын жана Моңголиянын өкмөт башчылары тоо-кен тармагына инвестиция салуу тууралуу пикир алмашышты
Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Моңголиянын премьер-министри Норовын Алтынхуяг менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап соода-экономика, гуманитардык-маданият жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Өкмөт башчылар тоо-кен тармагына инвестиция салуу тууралуу пикир алмашышып, айыл чарба, мал чарбачылык жаатында кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле 2013-жылдан баштап кыргыз-моңгол кызматташуусун чыңдоо тууралуу макулдашышты.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















