"Ушактарды угушат..." Алагөзов бийликти сындаган Жапыкеевдин билдирүүсүнө жооп берди
Жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев маектеринин биринде бийликти сындап, өлкөдөгү жакырчылык, кымбатчылык жана эл аралык сапарлардан көзгө көрүнөрлүк экономикалык натыйжа чыкпай жатканын билдирди.
Бул арада өлкө башчысы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун Жапыкеевдин айткан сөздөрүнө карата пикирин билдик. Ал шайлоо алдында талапкерлердин бийликти сындап, өз оюн билдирүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, ал эми мыйзамсыз аракеттерге жана массалык баш аламандыкка чакырууга жол берилбей турганын айтты.
"Эми шайлоо процесси башталганын баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар кандай пикирлер, сындар айтылат. Айрыкча талапкерлер өз позициясын ар кандай формада, маанайда билдириши мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш.
Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет.
Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бийликти сындаганга эч ким тыюу салган жок дегеним дагы ушундан. Болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык баш аламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбейт. Ал эми сын айтуу, башкача ой жүгүртүү, бийликтин позициясына макул болбоо - кылмыш эмес. Бул - демократиялык коом үчүн кадимки көрүнүш",- деди Алагөзов.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















