"Чөнтөккө уруп..." Президент жергиликтүү бийликке мурдагы заман жок экенин эскертти (видео)
Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас эли менен болгон жолугушууда, жергиликтүү бийликтин айрым мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жатканын айтты.
Өлкө башчысы аймакты өнүктүрүүгө бөлгөн каражаттын бир бөлүгүн "жеп" алган Кара-Балта менен Токмоктун мурдагы аткаминерлеринин аракеттерин эске салып, жергиликтүү бийликти эскертти.
"Айыл өкмөт, аким, губернатор эсиңерде болсун да. Бюджеттен бөлүнүп берилген акчаны "жасадым" деп жасабай коюп, жеп алган мурунку заманды унуткула. Жаңы болгон айыл өкмөттүкү (ред.: мыйзамсыз иш аракеттери) да чыгып жатат. Мамлекеттин акчасын урдабай, сарамжалдуу пайдаланыш керек. Жумушту арзан бүтүрсөң "аа калганын чөнтөккө уруп алайын" деп жолду издебей "мынчасын үнөмдөдүм" деп кайра кайтарып бериш керек", - деди президент.
"Чөнтөккө уруп албагыла". Президент жергиликтүү бийликке мурдагы заман жок экенин эскертти
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















