super.kg logo
  Саясат  

Президент Айтматов районунун өнүгүү жыйынтыктары менен таанышты

 

Бүгүн, 3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарында Айтматов районунун 2021-2026-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтматов районунун бюджети акыркы беш жылда 186 миллион сомдон 619,1 миллион сомго чейин өскөн. Ошондой эле аймакта 41 өнөр жай объекти ишке берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган.

Мындан сырткары, 61 чакырым жол асфальтталып, таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: