super.kg logo
  Саясат  

Нуржигит Кадырбеков: "Менден сурабай министр кылып коюп, кайра сурабай кызматтан алышты"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-министр Нуржигит Кадырбеков болду.

"Жаштар менен жолугушууңузда "Садыр Жапаровго рахмат, мени кызматтан бошотуп койгонуна" деп айтыпсыз. Кызматы жок эркин адаммын деген пикириңизди билдирипсиз. Министр болгондо эркиндигиңиз кантип чектелди эле?", - деген суроого ал төмөндөгүдөй жооп берди.

"Министр, мамлекеттик кызматкер, саясий ишмер эркиндигимди чектегенге даярмын деген эле сөз да. Чындыгында бул кызматка дайындаганда менден сураган эмес. Менден мурда дагы жакшы министр иштеп жаткан. Сизди министр кылып дайындап коюптур дегенде жүрөгүм ооруду. Мага чейинки министр жаш, келечектүү болсо шагын сындырбаш керек эле деп Азамат эмне болду деген суроону бергем. Ишеничти көрсөткөнгө рахмат. Мамлекеттин өкүлү болгондон кийин сын да көп болот. Кээде жакшы ниет менен чечим кабыл алсаң сындар айтылат. Менден сурабай министр кылып коюп, кайра сурабай кызматтан алышты. Азыркы системада ага бардыгы чоң болуп алат экен. Мен ага жол берген жокмун", - дейт Кадырбеков.






Нуржигит Кадырбеков: "Менден сурабай министр кылып коюп, кайра сурабай кызматтан алышты"

Автор: Жылдыз Джускембаева, Жолдубек Качкынбаев, Айсалкын Качкынбекова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: