super.kg logo

Лимонтинин өлүмү: Айыпталуучу Талгат Шамиев: "Сени дагы атаңдай кылып өлтүрөм дегенден кийин калганы эсимде жок"

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумда шектүү Талгат Шамиев күнөөнү жарым-жартылай моюнуна алганын айтты.

"Мен мыйзам алдында жооп берүүдөн качкан жокмун. Милицияга ошол эле күнү өзүм келгем. Бүгүн дагы жооп бергенге даярмын. Бирок мага туура айып коюлушун талап кылам.

Мен бул ишти атайылап кылган жокмун. Экөөбүз жолугуп калганда мени сөгүп, "сени дагы атаңдай кылып өлтүрүп салам" дегенден кийин калганы эсимде жок", - деди ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.






Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы

Автор: Азат Бейшенбек уулу
Оператор: Нурбай Самарбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2022. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Атасынын очуп алыптыр. Лимонти деле черный болчу да далайды сыздаткан. Ага кейиген деле жокмун.
20.01.2022. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бошотуп жибериш керек
21.01.2022. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Datka7777,Анда ар ким эле канга кан кылып өлтүрүп жооп бербей бошонуп чыгышын калаа атасыңбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: