Лимонтинин өлүмү: Шектүү Талгат Шамиевдин жубайы кызы атасын тааныбай калганын айтты
Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү Талгат Шамиевдин жубайы Айдай Марат кызы сот башталгандан бери ага карата жабырлануучу тараптан коркутуулар болуп келгенин айтты.
"Сот азыр бизди жабырлануучу тарапка карата коркунучтан улам соттук отурум жабык өтөрүн айтып, бизди чыгарып салды. Жолдошум камакка алынгандан бери жабырлануучу тараптан мага дагы ар кандай коркутуулар болот. Биз унчукпай эле келебиз.
Сот дагы адилеттүү болбой, жабырлануучу тарап эмне десе эле дароо макул болот. Биз жакты карабайт.
Жолдошум менен такыр жолугуша элекмин. Жолдошум камакка алынганда кызыбыз 1 жашта болчу, азыр 3кө чыкты. Кызым атасын тааныбай калды", - деди Айдай Марат кызы.
Бүгүн, 20-январда Биринчи Май райондук сотунда Талгат Шамиевдин соту болуп өттү. Жыйында сот эпидемиологиялык кырдаалдан жана эки тарап сот залында кайым айтышып жаткандыгына байланыштуу сотту жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.
Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы







1 |