Талгат Шамиевдин апасы: "Окуя Нарында болгондон кийин сот дагы Нарында болушу керек болчу"
Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү Талгат Шамиевдин апасы Калима Исакова эки жылдан бери сотто эч кандай жылыш болбой, алардын укугу тебеленип жатканын айтты.
"Бул окуя Нарында болгондон кийин сот дагы Нарында болушу керек болчу. Балам өзү барып колго түшүп берген. Андан бери эки жыл өттү. Ошол менен мына ушул убакка чейин жүрөбүз. Биздин укугубузду эч ким коргобой, сөзүбүздү укпай жатат.
Ошол убакта жабырлануучунун аялынын боюнда бар экен. Ал сот Бишкекте өтсүн деп коюптур. Ошол боюнча эле сот ушул жакта болуп жатат. Жума сайын Нарындан бери келебиз, кээде сот болбой калат, айла жок кайра кетебиз. Эки жылдан бери эч кандай натыйжа жок болуп жатат", - деди шектүүнүн апасы.
Бүгүн, 20-январда Биринчи Май райондук сотунда Талгат Шамиевдин соту болуп өттү. Жыйында сот эпидемиологиялык кырдаалдан жана эки тарап сот залында кайым айтышып жаткандыгына байланыштуу сотту жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.
Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы





1 |