Жогорку Кеңеште Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калды (видео)
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев сүйлөп жатканда абалы начарлап, сөзүн токтотууга аргасыз болду.
Депутаттын консультанты Гүлбарчын Медетбекова ошол учурда анын жүрөгү ооруп, абалы начарлап кеткенин билдирди.
"Сеид Алмазбекович өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан кийин жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды", - деди ал.
Ошондой эле ал депутаттын жүрөк оорусу бар экенин кошумчалады.
1410 Жогорку Кеңеш 21.09.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:05
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















