Тамчыдагы медициналык борборго тез жардам унаасы тапшырылды
Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 15-майда орун алган.
"Бүгүн биз Тамчы айылдык "Тез жардам" борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат", - деди Бейшеналиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2026-11-25
10:28
2026-11-25
21:20
2026-11-24
21:9
2026-11-24
20:30
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















