super.kg logo

ЖККУ Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин жооп берди

 

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын мүчөлүктөн чыгуу тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Уюмдун катчысы Армения ЖККУнун толук кандуу мүчөсү экендигин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Уюмдун жыйындарына Армениянын катышуусу азайганына карабастан, мамлекет анын толук кандуу мүчөсү”, - деп билдирген.

Ал эми Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын премьер-министрдин 12-июнда парламентте оппозициялык депутат Тадевос Аветисяндын суроосуна жооп берип жаткан билдирүүсү туура эмес чечмеленип калгандыгын билдирген.

«Премьер-министр уюмдан качан кетүүнү өзүбүз чечебиз деп билдирип, чыксак кайра мүчөлүккө кайтпайбыз деп айткан. Эгерде кимдир-бирөө Армениянын премьер-министри өлкө ЖККУдан чыгып жатканын ырастаса, анда ал жаңылып жатат жана муну далилдөө абдан оңой», - деди Мирзоян.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-июнда чет элдик басылмалар Армениянын премьер-министрине көрсөтмө берүү менен өлкө ЖККУнун мүчөлүгүнөн чыгат деп билдирүү тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: