Ташкентте учактын бортунда чуу чыгарган орусиялык жаран 7 күнгө камалды
Ташкент эл аралык аэропортунда Куала-Лумпурдан учуп келген учактын бортунда ызы-чуу салган орусиялык жаран административдик камакка алынды.
Pressa.uz басылмасына аэропорттордун коопсуздук бөлүмүнүн ИИМ алдындагы басма сөз кызматынан билдиришкендей, НУ-552 рейси менен учуп келе жаткан эркек киши учактын ичинде спирт ичимдигин ичип, кыйкырып, башка жүргүнчүлөрдүн тынчын алган.
Учак конгондон кийин да ал коомдук тартипти бузуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.
Ага карата эки берене боюнча административдик материалдар түзүлгөн. 6-ноябрда соттун чечими менен ал 7 суткага административдик камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















