Польшанын Краков шаарында атышуу болуп, 6 адам каза тапты
Кечээ, 7-ноябрда Польшанын Краков шаарынын борборунда ок атышуу болуп, акыркы маалыматтар боюнча 6 адам каза таап, 10дон ашык киши жаракат алды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, окуя шаардын башкы базарынын аймагында орун алды. Анда шектүү унаа менен бара жатып тротуарда жүргөн адамдарды көздөй ок чыгарган.
Полиция кызматкерлери аны кармоо учурунда жарадар кылып, ооруканага жеткирилди. Шектүү 24 жаштагы Польшанын жараны экени маалымдалды.
Мындан тышкары, полиция шектүүнүн жашаган үйүн тинтүү учурунда батирден үч адамдын сөөгүн тапкан. Алар эки аял жана бир эркек экени айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдар шектүүнүн жакын туугандары болушу мүмкүн.
Учурда окуя болгон жерде бардык кызматтар иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















