Францияда массалык иш таштоо: 1,6 миллиондон ашык адам көчөгө чыкты
Кечээ, 5-ноябрда Франциядагы беш ири профсоюз уюму уюштурган жалпы улуттук иш таштоо өлкө боюнча масштабдуу нааразычылык акцияларына айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өлкө боюнча 250 шаар жана аймактардан 1,6 миллион адам көчөлөргө чыкканы айтылса, Франциянын Ички иштер министрлиги катышуучулардын санын 600 миң деп жарыялады. Массалык иш таштоолордон улам коомдук транспорт, ооруканалар, университеттер жана мектептердин 25 пайызы жабылган. Ошондой эле белгилүү Лувр музейинин айрым залдары жана Эйфель мунарасынын иши убактылуу токтотулган.
Жумуш таштоого жашоо наркынын кымбатташы себеп болгон. Акциянын катышуучулары саатына 12,31 еврону түзгөн эң төмөнкү эмгек акыны көтөрүү жана салыктан тышкары, айлыкка 100 евро кошуп берүүнү талап кылышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















