Кайтаруу жана конвой департаментине жаңы жетекчи дайындалды
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы болуп Максат Жуматаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме 3-февралда кабарлады.Тиешелүү документке өкмө башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы дайындалган жетекчини өздүк курамга ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев тааныштырды.
Буга чейин Жуматаев департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары кызматын аркалап келген. Ал 1994-жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















