super.kg logo

Колумбияда ылай аралашкан жанар тоо атылды (видео)

 

Колумбиянын Антиокия департаментинде күчтүү ылай аралашкан жанар тоо атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон вулкан менен кошо чоң көлөмдө от чыгып, ал бир топ бийиктикке көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми жергиликтүү бийлик жакынкы аймактардын тургундары эвакуацияланып жатканын маалымдаган.

Учурда жанар тоонун жарылуусунан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Окуяга күбө болгондор социалдык түйүндөрдө жарылуу болгон жерден бир нече чакырым алыстыктагы ​​жерде жаракалар пайда болгонун жазышкан.

Мындан тышкары, чет элдик басылмалар жанар тоо атылган аймакка жакын жерде турак жайлар жайгашканын билдиришкен.






Колумбия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: