Балык уулоо сүйүүчүлөрүнө: Бишкек мэринин кубогу өтөт
11–12-апрель күндөрү Константиновка айылында балык уулоо спорту боюнча “донка менен кармоо” (фидер) дисциплинасы боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу өткөрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, мелдешке 2009–2016-жылдары туулган өспүрүмдөр, ошондой эле 18 жаштан жогорку эркектер жана аялдар катыша алышат. Мелдеш эки этапта өтөт: биринчи күнү өспүрүмдөр, экинчи күнү чоңдор күч сынашат.
Жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор, кубоктор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Катышууга арыздар 2026-жылдын 4-апрелине чейин кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:47
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















