super.kg logo

“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу качан башталары айтылды

 

1-июлдан тарта Кыргызстанда үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр үчүн жаңы “Бала ырысы” универсалдуу жөлөк пулу ишке кирет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Министр Канат Сагынбаевдин айтымында, жаңы программа үй-бүлөлөрдү колдоого жана балдардын бакубат жашоосун камсыздоого багытталган. Өлкө боюнча 440 миңден 470 миңге чейин бала жөлөк пул алууга укуктуу болот.

Программаны каржылоого жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүнөт. Ал эми 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн 3,1 миллиард сом каралган.

Жөлөк пул алуу үчүн арыздарды электрондук түрдө Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул документтерди чогултуу процессин жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнү тездетет.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа “Бала ырысы” программасы балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана өлкөнүн келечегине багытталган маанилүү инвестиция экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: