Кыргызстанда балдардын саны 2,7 миллиондон ашты
Кыргызстанда жалпы калктын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын 17 жашка чейинки балдар түзөт. Бул тууралуу 1-июнда Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башына карата балдардын саны 2 миллион 730 миң адамды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 миңге (0,6 пайызга) көп. Анын ичинен 1 миллион 403 миңи (51 пайызы) эркек балдар жана 1 миллион 327 миңи (49 пайызы) кыздар.
Аймактар боюнча эң жогорку көрсөткүч Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында катталган.
2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала жана 68 миңден ашыгы кыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:30
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















