Чүйдө 21 жаштагы Кайрат Турузбеков дайынсыз жоголду
Чүйдүн Москва районунда 21 жаштагы Кайрат Турузбеков дайынсыз жоголуп, облустук милиция тарабынан изделүүдө.Ал 1-мартта Москва районунун Төлөк айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160–165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачы кара. Психикалык оорусу бар.
Кийген кийимдери: кара ветровка, кара жеңсиз күрмө, кара шым, бутунда кара түстөгү резина өтүк болгон.
Эгерде жарандарда Кайрат Турузбековдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: 0313-15-21-31, 0701-15-96-54.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















