Саламаттык сактоо министрлиги 200дөй "Тез жардам" унаасын сатып алат
Саламаттык сактоо министрлиги 200 даана "Тез жардам" унаасын сатып алууну пландап жатат.
Бул тууралуу 13-мартта саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, унаалар Бүткүл дүйнөлүк банктын каражатына алынат.
"Ушул жылдын аягына чейин 200дөй "Тез жардам" унаасын алууну пландап жатабыз",- деди Мамадалиев.
Белгилей кетсек, баш калаада "Тез жардам" унаасы жетишсиз экени айтылып келет.
Саламаттык сактоо министрлиги 200 даана Тез жардам унаасын сатып алат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















