super.kg logo

Ошто аймактар аралык таксилер үчүн жаңы тартип киргизилди

 

Ош шаарында аймактар аралык каттамдагы унаалар үчүн жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Жанарбек Акаев Курманжан датка муниципалдык аймагындагы Монуев көчөсүндө жайгашкан жаңы унаа токтоочу жайды жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы бул жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттаган таксилер үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга орнотулган жаңы технологиядагы тосмону тез арада ишке киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле оорукананын жанынан өткөн Увам каналынын жээгин көрктөндүрүп, шаар тургундары үчүн эс алуучу сквер уюштуруу пландалып жатканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2026. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жактагы пробканы азайталбай атса кайра пробка кылат экен да бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: