super.kg logo

Жээнбек Кулубаев БАЭнин тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 16-мартта тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Садыр Жапаровдун атынан БАЭ элине тилектештик билдирди.

Тараптар аймактагы чыңалууну жакын арада басаңдатуу, дипломатиялык диалогду жандандыруу жана тынчтык менен туруктуулукту бекемдөөгө багытталган конкреттүү кадамдарды кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: