super.kg logo

Өлкөдө мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу завод куруу пландалууда

 
Кечээ, 17-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Алтын Тамыр” акционердик коомунун өкүлдөрү менен мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу заманбап завод куруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыз кылып, мал чарба тармагындагы өндүрүштүн сапатын жогорулатуу багытында стратегиялык мааниге ээ.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр төмөнкү негизги тапшырмаларды койду:
  • Вакцина өндүрүшүндө керектүү көлөмдү жана жогорку сапатты камсыз кылуу талаптарын күчөтүү;
  • Заводду кыска мөөнөттө куруп, ишке киргизүү;
  • Вакциналарды сатып алуу боюнча натыйжалуу жана оптималдуу шарттарды камтыган программаны иштеп чыгуу;
  • Долбоорду өлкө үчүн өзгөчө экономикалык мааниге ээ стратегиялык объект катары кароо.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча заводдун курулушуна болжол менен 10 миллион доллар керектелет. Долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү маалыматта кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: