super.kg logo

"Бала ырысы" жөлөк пулу кайсы учурда токтотулат? Адис жооп берет

 

"Бала ырысы" жөлөк пулу наристе 3 жашка толгондо токтотулат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова "Кабарга" маек бергенде билдирди.

Айтымында, төлөм төмөнкү учурларда да токтотулат:

  • 3 жашка чейин наристе чарчап калса,
  • мамлекет тарабынан толук камсыздоого алынганда,
  • ата-энеси Кыргыз жарандыгынан чыгып, башка өлкөгө көчүп кеткен учурда.

Белгилей кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Көп өтпөй бул жөлөк пулду 450 миңге жакын наристе алары айтылган. Анын суммасы 1200 сом деп белгилеген. Бул төлөм 3 жашка чейинки наристелерге үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай бирдей берилет. Аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Өтүнмөлөр 1-июндан тарта кабыл алынары айтылды.










"Бала ырысы" жөлөк пулу кайсы учурда токтотулат? 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: