Транспорт министри Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы белгилердин абалына кейиди (видео)
Транспорт министри Талантбек Солтобаев Чүй жана Нарын облустарына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун абалын текшерди.
Транспорт министрилигинин маалыматына караганда, текшерүүдө айрым жол белгилери жараксыз абалга келгени аныкталып, министр тиешелүү кызматтарга жол белгилерин тез арада алмаштыруу боюнча тапшырма берген.
"Жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык тилкелерде кошумча текшерүү жүргүзүлүп, эскирген, жараксыз абалга келген белгилер жаңыланат", - деп айтылат маалыматта.
Транспорт министри Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы белгилердин абалына кейиди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















