Көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосунда этно шаарча курулат
Апрель айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда этно шаарча курулат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.
"1-майдан баштап эл аралык катышуучулардын аккредитациясын баштайбыз. Апрелдин аягына чейин ыктыярчыларды кабыл алуу процедуралары бүтөт. Азыркы учурда жаштардан 7,5 миң билдирме алдык. Анын ичинен 1000 ыктыярчы тандап алабыз",- деп билдирди Аденов.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Кырчын жайлоосунда этно шаарча курулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















