Жанар Акаев: “Балдардын өлүмү - бүтүндөй өлкө үчүн чоң трагедия”
Бүгүн, 26-мартта Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматы тарабынан “Коопсуз кадам - жаркын келечек” аттуу форум өттү.
Мэрия билдиргендей, ага шаар башчысы Жанар Акаев катышып, өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыгынан каза болгон балдардын өлүмү чоң трагедия катары кабыл алынарын белгилеп, өлкөдө жөн гана статистика болуп калганын айтты. Аны менен катар айдоочуларды жана жаштарды жол коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырды.
"Форумдун жүрүшүндө жол коопсуздугу темасында театрлаштырылган сахналык көрүнүш уюштурулуп, анда жол эрежелерин сактоонун мааниси жана коопсуз жүрүүнүн негизги талаптары чагылдырылды. Аталган иш-чара аркылуу айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, жол кырсыктарынын алдын алуу, балдардын коопсуздугу сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлүп, катышуучуларга таасирдүү жеткирилди",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















