Ала-Тоо аянтында жаңырган адепсиз ыр үчүн аткаминерлер жазаланышты
Кечээ, 1-июнда Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чарада тематикасы балдарга туура келбеген музыкалык чыгармалардын жаңырганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, мэриянын маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилсе, маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.
Ал эми иш-чарада диджей катары өнөр көрсөткөн Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылган. Муну менен катар музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилген.
Мындан сырткары, бул мыйзам бузууга жол берген түздөн-түз аткаруучулар жана башка кызмат адамдары аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартылмакчы.
Ала-Тоо аянтында жаңырган адепсиз ыр үчүн аткаминерлер жазаланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















