Баңгизаттарды жайылтуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлду (видео)
Ооганстандан чыккан ири көлөмдөгү баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз өткөрүп, Өзбекстанга таратуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 2-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Өзбекстан жана Тажикстандын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу мурда бир нече жолу соттолгон 1964-жылы туулган Т.Х.К. аттуу чет өлкөлүк жаранды кармашты. Анын жанынан ооган тектүү 51 килограмм гашиш баңгизаты алынды.
Учурда кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын, мыйзамсыз аракеттердин башка жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баңгизаттарды жайылтуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:26
2026-06-03
21:56
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















