Эми Салык кызматы жарандардын карыздардын банк эсебинен өндүрүп ала алат
Салык кызматы жарандардын банк эсептеринен жана электрондук капчыктарынан салык карыздарын түздөн-түз өндүрүп ала турган мыйзам жыл башында күчүнө киргенин эскертүүдө.
Маалымдалгандай, жарандын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен салыктык карыздардан анын банк эсебинен өндүрүлүп алынат. Ага төмөнкүлөр кирет:
- Салык төлөөчү өзүнүн салык отчётунда көрсөткөн суммалар;
- Салык органы тарабынан эсептелип чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө даттанылбаган суммалар;
- Күчүнө кирген сот чечими менен тастыкталган суммалар;
- Салык төлөөчү тарабынан арыз аркылуу түздөн-түз таанылган суммалар.
Салык кызматы жарандарды карыздарын өз убагында текшерип турууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















