super.kg logo

Бишкекте “Элдик ырдоо” боюнча Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп жаткан Жаштар Дельфий оюндарынын “Элдик ырдоо” номинациясы боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, финалдык этап П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду. Эки күн бою Пакистан, Индия, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Беларусь жана Кыргызстандын жаш таланттары вокалдык чеберчилигин, сахна маданиятын жана улуттук музыканы терең түшүнгөнүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр үч жаштык категория боюнча аныкталды:

10-13 жаш категориясы:
Ниязбеков Атай — алтын медаль
Курвангалиев Айтумар — күмүш медаль
Бхатнагар Атхрав — коло медаль

14-17 жаш категориясы:
Саматова Мончок — алтын медаль
Алыбеков Жакшылык — күмүш медаль
Ашуров Акрам — коло медаль

18-25 жаш категориясы:
Wang Siyuan — алтын медаль
Зайченко Виктория — күмүш медаль
Кретова Екатерина — коло медаль

Бул оюндардын өткөрүлүшү жаш таланттарды колдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана элдердин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: