Чүйдө интернаттын 8,8 миллион сомдук жери 36 миңге сатылып кеткени аныкталды
Чүйдө жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.Маалыматка ылайык, Панфилов районунун Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 миң 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына тийиштүү болгон 8 миллион 883 миң сомду түзгөн жер тилкеси Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















