1-апрелде мектепке электрондук каттоо башталат
Агартуу министрлигинин 31-мартта берген маалыматына ылайык, 1-апрелден тарта балдарды мектепке электрондук каттоо башталат. 2026-жылы 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:- Биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталат жана жашаган жери боюнча (мектептин микроучастогу боюнча) катталган балдар үчүн каралган.
- Экинчи этап 1-июнда башталат. Бул мезгилде ата-энелер бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алышат.
Арызды 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу же болбосо "Түндүк", MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу онлайн түрдө берүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















