super.kg logo

Бишкек мэриясы Масалиевдин атын башка көчөгө ыйгарат

 
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралдын бир бөлүгү белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин атын алып жүрөт. Эми Бишкек шаардык мэриясы анын наамын башка көчөлөргө берүүнү көздөөдө. Ал эми Бишкек шаардык кеңеши 20 көчөнүн аталышын өзгөртүүгө макулдугун берди, алардын катарын Абсамат Масалиев көчөсү да толуктайт.
Бул тууралуу саясий ишмердин уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев Фейсбук баракчасынан билдирип, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылды.

"Өткөн жылдын күзүндө мэрия көчөнү чыгыштан батышка чейин бириктирип, Аалы Токомбаевдин ысымын берүү чечимин кабыл алган. Ал эми Масалиевдин ысымын Чортеков жана Кривоносов көчөлөрүнө “кайра ыйгаруу” сунушталган. Бирок бул туура эмес деп эсептейм. Анварбек Чортеков – согуштун ардагери, анын ысымы көп жыл мурда берилген, аны өзгөртүү туура эмес.

Эскерте кетсем, Абсамат Масалиев Фрунзе шаардык аткаруу комитетин жетектеген, 6 жылдай республиканы башкарган. 5 жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине, 2 жолу СССР Жогорку Советине, 1 жолу СССР эл депутаты болуп шайланган, ошондой эле 2 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Мен эч кимди ынандыргым келбейт, балким, эң туурасы атамдын ысымын эч бир көчөгө кайра ыйгарбай эле коюш керек. Анткени кийин дагы бирөө келип, кайра өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Менин пикиримди өлкө президенти Садыр Жапаровго жеткирип коюңуздар. Атамдын 90 жылдыгында ал жакшы сөздөрдү айткан эле, балким, дагы деле кеч эмес",- деп билдирген кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, Түштүк магистралдын бир бөлүгү Абсамат Масалиевдин атын 2010-жылдан бери алып жүрөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: