super.kg logo

Ак илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп тандалды (сүрөт)

 

Ак илбирс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп тандалды. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиришти.

Анда аталган жаныбар жөн гана күчтүн символу эмес, бул ички бекемдиктин, ар-намыстын жана айкындыктын образы экени айтылган.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын сынга алып, аны дагы бир жолу карап чыгуу керектигин сунуштаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: