Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын табынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кыргызгидромет көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады:
- Бишкек - Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















