super.kg logo

Иран Трамптын "Таш дооруна жеткиребиз" деген сөзүнө жооп кылды 

 

Иран бийлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын "Иранды эки-үч жуманын ичинде таш дооруна кайтарабыз" деген сөзүнө жооп кылды. Бул тууралуу Иран бийлигинин өкүлү Мажид Мусави Х социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

"Иранды таш дооруна эмес, өз аскерлериңерди мүрзөгө алып бара жатасыңар. Голливуддук жаңылыш ойлор силердин аң-сезимиңерди ушунчалык уулантып койгондуктан, болгону 250 жылдык тарыхыңар менен 6 миң жылдан ашык тарыхы бар цивилизацияга коркутуу кылып жатасыңар",- деп жазган Мусави.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Ак үйдө маек берип жатып, Иранга каршы соккуларды күчөтөрүн жана "Иранды таш дооруна кайтарууну көздөп жатканын" билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: