super.kg logo

Балдардын ден соолугуна багытталган мыйзам долбоору талкууланды

 

Жогорку Кеңеште жумушчу топтун жыйынында “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору балдарды жасалма тамактандырууга арналган азыктарды жана каражаттарды жарнамалоону жөнгө салууга багытталган. Бул аркылуу саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана балдардын туура тамактануусун камсыздоо көздөлүүдө.

Демилгелеген депутат 5 жашка чейинки балдардын тамактануусуна байланышкан көйгөйлөр курч экенин белгилеп, туура эмес тамактануу кыска жана узак мөөнөттүү оор кесепеттерге алып келерин айтты. Алардын катарына жугуштуу оорулардын көбөйүшү, балдар өлүмүнүн өсүшү, ошондой эле интеллектуалдык өнүгүүнүн кечеңдеши, ашыкча салмак, семирүү, кант диабети, жогорку кан басымы, инфаркт, инсульт жана онкологиялык оорулар кирет.

Талкуунун жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилешип, балдардын ден соолугун коргоого багытталган бул демилгени колдоого алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: