super.kg logo

Ошто муниципалдык ипотекалык турак жайлардын курулушу көзөмөлгө алынды

 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ипотекалык компаниянын курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр курулуш сапатына өзгөчө көңүл буруп, шаар тургундарын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу багытындагы иштерди күчөтүүнү талап кылды.

Муниципалдык ипотека – шаар тургундарын сапаттуу турак жай менен камсыз кылуунун маанилүү механизми. Курулуш иштеринде сапат биринчи орунда болушу керек. Ошондой эле компаниянын туруктуу иш алып баруусун камсыз кылуу жана каржылык абалын бекемдөө маанилүү”, - деп билдирген мэр.

Бул иш-чара аркылуу шаар бийлиги муниципалдык ипотекалык компаниянын туруктуу ишин камсыз кылуу жана банкроттук абалга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: