"Мегаполиске жеткен учурубуз". Бишкек мэри унаа тыгынын чечүүдөгү алгачкы кадамын ачыктады
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радиого" берген маегинде калаадагы унаа тыгынын чечүү үчүн унаа жолдорду оңдоо, жаңы жолдорду ачуу иштери жүрүп жатканын айтты.
Ал алгач унаа кыймылына чектөө киргизүү маселеси каралганын, бирок ага көпчүлүк каршы чыкканын билдирди.
"Андыктан биз жолдорду оңдоо иштерине кириштик. Кеңейтип, оңдоп, жолдорду ачып, жаңыларын куруп дегендей. Биз биринчи жол тармагын оңдоп, анан башка чараларга өтөлү деп жатабыз. Биз мегаполис болууга эмес, мегаполис болуп калган деңгээлге жетип калган учурубуз. Себеби ар бир мегаполисте жол тыгыны эң биринчи көйгөй болот",- деди Жунушалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















