Ысык-Көлдө үч күнгө коменданттык саат киргизилет. Себеби
Ысык-Көл облусунда 21-23-апрель күндөрү Коргоо министрлиги тарабынан “Коопсуздук-2026” аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу жана Ак-Суу айылдарында уюштурулат. Ага байланыштуу ушул үч аймакта саат 21:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында атайын техниканын жүрүшү күтүлөт.
Жергиликтүү бийлик тургундарды жана конокторду коомдук тартипти сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана коюлган талаптарды так аткарууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















