super.kg logo

УКМКнын учурдагы башчысы Ташиев кызматтан кеткенден кийинки өзгөрүүлөргө токтолду

 

УКМКнын башчысы Жумгалбек Шабданбеков "Номад" телеканалынын "Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин кандай өзгөрүүлөр болду?" деген суроосуна жооп берди.

Ал атайын кызмат белгилүү бир адам үчүн түзүлгөн жеке агенттик эместигин, мамлекеттик мекеме экендигин баса белгилеген.

"Жетекчиликтин ар кандай алмашуусу мамлекеттик мекемедеги табигый көрүнүш. Учурда биздин көңүлүбүз агенттикти системдүү модернизациялоого бурулган. Негизги өзгөрүүлөр ички тартипти чыңдоого, штаттык түзүмдү оптималдаштырууга байланыштуу. Бирок негизги максаттар өзгөрүүсүз калууда. Алсак, мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу",- деген Шабданбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: