Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсүн "Ала-Арча" паркында сыйлады
Бүгүн, 18-апрелде президент Садыр Жапаров жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында этно-маданий программа менен таанышты.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда кыргыздардын кылымдарды карыткан каада-салттары, турмушу жана көчмөн мурастары көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров менен Жастин Санды кыргыз музыкалык жана поэтикалык искусствосунун байлыгын көрсөткөн төкмө акындар тосуп алышты.
Этномаданий программа жаа атуу, бүркүт салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















