super.kg logo

Ысык-Көлдөн бир жумада 15 миң метрден ашык тор чыгарылды

 
Ысык-Көл акваториясында синтетикалык балык уулоочу торлорду тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу 20-апрелде облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жуманын жыйынтыгы менен көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан жалпы узундугу 15 800 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Ошондой эле тазалоо иштеринин жүрүшүндө 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чогултулуп, чыгарылган.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров элди көлдөргө, суу сактагычтарга балык кармоо үчүн тор салбоого жана андай торлорду тиешелүү мамлекеттик мекемелерге өткөрүп берүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: