Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, аталган суу сактагычта рейд жүргүзүлүп, анын алкагында балык уулоочу торлорду сууга жайып жаткан учурда 7 жаран кармалган. Мыйзамсыз балык кармагандардын ар бирине 5500 сомдон айып пул салынган.
Ошондой эле рейд учурунда сууга жайылган 560 метрге жакын тор жыйналган. Министрлик рейддер туруктуу негизде уланарын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















