Кара-Сууда жол кырсыгынан төрт жаран каза болду
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан төрт жаран каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 20-апрелде саат 13:30 чамасында болгон. Жаңы-Арыктан Кызыл-Суу айылына бара жаткан Хундай үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, каналга түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, алган жаракатынан улам унаанын айдоочусу үч жүргүнчүсү менен каза болду.
Тактоо иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















