super.kg logo

Жогорку Кеңеште жаштар саясаты жана эл аралык кызматташтык талкууланды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков эл аралык Конрад Аденауэр фондунун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Андре Альгермиссен жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары тууралуу пикир алышып, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин алдыдагы иш пландары, жаштардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Депутат Табылды Муратбеков жаштар саясатын өнүктүрүү мамлекеттик артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык бул тармактагы ишти жаңы деңгээлге чыгарарын айтты. Ал эми Андре Альгермиссен Жаштар кеңешинин демилгелерин колдоого даяр экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: