super.kg logo

Айрым мугалимдер 90 миң сом айлык акы алышары айтылды

 

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашынан улам айрымдар 90 миң сом алышарын билдирди.

"Шаардагы эмгек стажы жок жаш мугалим болжол менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт. Салык төлөмдөрү кармалгандан кийин, колуна 32 миң сомдун тегерегинде тиет.

Бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык эмгек стажы бар тажрыйбалуу мугалим мурда болжол менен 65 миң сом алса, азыр анын айлыгы 104 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 90 миң сом тиет. Жыйынтыгында мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин жогорулаган", - деп жазды ал Facebook баракчасына.

Айта кетсек, өлкөдө мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден тарта 100 пайызга жогорулатылган. Деген менен окутуучулардын эмгек акысында предметтик сабактарга жараша айырма бар экени айтылып келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: