super.kg logo

Тилек Сулайманов: “Кыргызстандыктардын жарымынан көбү жок дегенде бир жолу “Яндекс Go” аркылуу тамакка буйрутма берген”

 

Эки жыл мурда Кыргызстанда биринчи жолу “Яндекс Goнун” Тамак сервиси ишин баштаган. “Яндекс Кыргызстандын” башкы директору Тилек Сулайманов “Европа Плюс” радиосунда маекте болуп, ошондон бери сервисте кандай өзгөрүүлөр болгонун, “Дүкөндөр”, “Кайда баруу керек?” деген сыяктуу жаңы функциялар жана кыргызстандыктардын эң көп буйрутма берген сүйүктүү тамактары тууралуу ою менен бөлүштү.

- Мурда тамакка буйрутма берип көрбөгөндөр үчүн маекти баштайлы: “Тамак” сервиси кантип иштейт? Негизи бул өзүнчө тиркеме эмес, Яндекс Goнун бир бөлүгү, туурабы?”

- “Ооба, туура. Биздин “Яндекс Go” супераппыбызда “Тамак” жана “Дүкөндөр” баскычтары бар. Бул сервис тыгындарда отурбай же ресторандарда кезек күтпөй, үйүңүзгө даяр тамактарды же азык-түлүктөрдү буйрутма менен алууга жардам берет. Мисалы, эгер сиз жумуштан кийин чарчап, тамактангыңыз келсе, буйрутма бересиз жана орточо эсеп менен 30 мүнөттүн ичинде ысык кечки тамак дасторкондо болот. Же мисалы, дүкөндөн азык-түлүк же башка товар керек болсо: аларды да түз эле эшиктин оозуна чейин буйрутма кыла аласыз.

- Сервис 2024-жылдын жазында гана ишке киргизилген болсо, баары эмнеден баштылды эле?

- Мен үчүн бул өзгөчө дата. Ал кезде тиркемеде болгону 20 гана ресторан жана бир гана шаар — Бишкек бар болчу. Азыр бизде 1000ге жакын өнөктөш бар жана биз Кыргызстандын беш шаарында: Бишкек, Ош, Манас, Каракол жана Кантта иштеп жатабыз. Платформа адамдарга күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө, курьерлер-өнөктөштөрдүн - кирешесин көбөйтүүгө жана ресторан менен дүкөндөрду - көбүрөөк буйрутма алууга жардам берип жатат.

- Биздин өлкөдө буга чейин массалык негизде тамак буйрутма кылуу болбогондугун эске алсак, жаңы сервисти ишке киргизүү кыйын болдубу?

- Бул окуя абдан кызыктуу, анткени ал кезде көпчүлүк адамдар тез жеткирүү деген эмне экенин да билишкен эмес эле. Бирок биз ыңгайлуу ыкмалар адамдын адаттарын кандайча өзгөртуп жатканын көрүп жатабыз. Менимче, биздин жыйынтыгыбыз да ушул жактан - кыргызстандыктардын 54% дан ашыгы – башкача айтканда өлкөбүздүн калкынын жарымынан көбү — жок дегенде бир жолу буйрутма бергенге жетишиптир.

- Кыргызстандыктар көбүнчө эмнеге буйрутма беришет? Эң талап кылынган тамактын топтому барбы?

- Бизде көбүнчө улуттук ашкананы абдан жакшы көрүшөт. Топтомго — босо лагман, самса жана эң кызыгы тандоолордун катарында картошка фри бар. Бирок биз өзүбүздү ушуну менен гана чектебейбиз. Бизде ресторан өнөктөштөрдүн чоң тизмеси жана тандоонун кеңири түрү бар, андыктан сценарий дайыма кеңейип турат.

- Жетекчи катары сиз, сервистин кызматынан өзүңүз да колдонсоңуз керек. Көбүнчө эмнеге буйрутма кыласыз?

- Менимче, сервисти түптөп, бирок аны өзү колдонбосо, бул – эң жаман. Биринчи кезекте өзүң үчүн продукт жасашың керек. Мен активдүү колдонуучумун: балдарым пицца менен бургерлерди жакшы көргөндүктөн, көбүнчө ушуларга буйрутма кылам. Улуттук суусундуктарды да абдан жакшы көрөбүз. Мындан сырткары, үйгө азык-түлүк жана тиричилик заттарын үзгүлтүксүз буйрутма кылып турабыз. Бул абдан ыңгайлуу.

- Демек, “Тамак” азыр: азык-түлүктөн дарыканага чейин, чөнтөктөгү чыныгы гипермаркетке айланып калган экен да?

- Ооба, тиркеме азыр 12 категорияны сунуштайт - жада калса майрамга карата – гүлдөрдү же майрамдык белектерди тандоого болот. Бирок биз андан да ары барып, оффлайн сценарий түздүк. Колдонмодо азыр “Кайда баруу керек” деген гид-бөлүм пайда болду. Биз колдонуучуларга кайсы ресторанга баруу керектигин, жеке тандоого жардам беребиз. Анда сүрөттөмөлөр, сунуштар жана сын-пикирлер менен 500гө жакын мекеме бар. Дагы бир маанилүү кошумча: “Тамак” бөлүмүндө “Яндекс Плюска” жазылуу жеткиликтүү болуп калды. Эгер ал сизде бар болсо, жеткирүү кызматы акысыз жүргүзүлөт.

- Эми курьерлер жөнүндө сүйлөшөлү — бул кишилер жок, сервисти элестетүү кыйын. Акыркы эки жылда алар үчүн эмне өзгөрдү?

- 2025-жылдын сентябрь айынан бери “Яндекс Кыргызстан” курьерлер үчүн салык агенти болуп калды. Эми биз өзүбүз алар үчүн салык кызматына отчет берип, киреше салыгын (1%) жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн (1%) которуп турабыз. Мындан сырткары өткөн жылы биз атайын электр велосипеддердин партиясын киргиздик. Алар атайын жеткирүү ишин мүмкүн болушунча ыңгайлуу, жеңил жана коопсуз кылууга багытталып, Яндекс Goнун өнөктөш-курьерлери үчүн иштелип чыккан.

- Жакынкы аралыкта колдонуучуларды эмне менен кубантып, таң калтырайын деп турасыздар?

- Биз аймактык деңгээлде кеңейүүнү жана жаңы колдонмо ичиндеги сценарийди түзүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан, биздин негизги миссиябыз - ар бир колдонуучунун күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү. Алектенип жаткан ишибизди азыр заманбап технологиялар жана ар кандай AI-чечимдерин киргизүү менен жакшыртууну улантып жатабыз.

- Маектин соңунда: бүгүн кызматтын экинчи жылдыгынын урматына жалпы кыргызстандыктарга эмне деп, айтат элеңиз?

- Биринчиден, биз менен иштеп жаткан өнөктөш курьерлерге чоң рахмат айтмакчымын. Биз менен иштешүүнү тандаган, буйрутмаларды чогултуп, даамдуу тамактарды даярдаган ресторандарга жана дүкөндөргө да чоң рахмат айтмакчымын. Анан албетте, колдонуучуларга көрсөткөн ишеними үчүн раазычылык билдирем! Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, коомубузду колдоп жана кыргызстандыктардын жашоосун ыңгайлаштыруу үчүн мындан ары да иштей беребиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: